КРдин Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 2-4 ноябрында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапар менен жүрөт. Иш сапардын алкагында облустагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышып, Баткен шаарынын борбордук стадионунда эл менен жолугушуу өткөрдү. Анда Баткен элинин көйгөйлөрү көтөрүлүп чек ара, экономика, социалдык жана башка ушул сыяктуу суроолоруна жооп берди.

Эл арасынан кадр дайындоо маселесинедеги узатылган дагы бир суроо: Бүгүнкү күндө татыктуу кызмат кылып келген өзүбүздүн азаматыбыздын кызматтан кетткени биз үчүн табышмак болду, мындай кадрларды өзүңүздүн командаңызга кошуп татыктуу иш алып барсаңыздар деген ойдомун, бул Кочкоров Улукбек Тойчубаевич-деп сөз узатты

“Кадр маселеси боюнча, кыргызда жакшы бир сөз бар “Бөдөнөнү сойсо да кассапчы сойсун” деген, Ал өзү билими боюнча Улуттук коопсуздук кызматкери болуп иштеш керек эле, биз аны Улуттук коопсуздук кызматына алып барып анын оордуна ошол тармакты тартып кете ала турган кызыбызды алып баралы дегенбиз. Бирок ал өтпөй калды, бүгүн Улукбек иштеп жатат, биз аны кетирип ийели же бул кадр көчөдө калсын деген жокпуз, сөзсүз андай жаш билимдүу прогрессивдүү кадырларды жумуш оорду менен камсыз кылабыз”-деди С. Жапаров

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.