“Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов бул партиядан чыгып жатканын жарыялады. Бул тууралуу депутат бүгүн, 4-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди. “Ата Мекен” партиясынын катарынан чыгып кетип жатам бүгүн. Ал эми депутаттык ишимди жана фракциядагы иштеримди жүргүзө берем”, – деди ал. Нышанов 2005-жылы III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.