Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта урап, анын астында бир жаран калып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 22-декабрь күнү саат 10:40 чамасында «Ашымбай» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык көмүр шахтасы урап түшкөн. Кырсык болгон жерге министрликтин тоо-кен куткаруу взводунун 16 куткаруучусу, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМден 1 экипаж, шахта жетекчиси жана 20 жумушчу тартылган. Издөө иштери улантылууда жана шахтада калып калган адамдын аты-жөнү такталууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.