Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул эки күн ичинде, ашыкча документтерсиз бериле баштады. Ал үчүн  төрөгөн аялдын паспорту менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү гана жетиштүү. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекемдеден тастыктагандай, паспорт жана баланын күбөлүгү Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнө берилер замат онлайн тизмеге алынат да, транзиттик эсеп ачылат. Андан ары эки күндө “Айыл банк” же РСК банктан акчаны алса болот

Сүйүнчү акча бир бала үчүн 4000 сом. Эгиз же үч, төрт эм төрөлгөндөрдүн ар бирине берилет. Акчаны үй-бүлөлүк шартына карабай, бардык жарандар алышат.

Өткөн жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.