Бүгүн эрте менен ЖКнын жыйынынын күн тартибинде ар кандай маселелер айтылды. Депутат Рыскелди Момбеков: “Өкмөт Коопсуз” шаар долбоору боюнча бир жылга жетпей эки жолу тендер өткөрүп, шылдың болду. Эмне үчүн 7 жылдан бери бул долбоор ишке ашпай келе жатат?  Бул коррупция.

Комитет эмики жумада өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча ишин угабыз. Мурдагы бийликтин тушунда  “Акылдуу шаар” долбоору – деп, аталган. Кийин “Коопсуз шаар” долбоору аталды. Төрөлө элек балага ар кандай аттарды коюп атышат.

Уткан фирмалардын негизги критерийлери “Коопсуз шаар” долбоору иштесе беш жылда 10 млн. доллар айып салуулардан түшөт экен. Ар жылына 2 млн. доллардан айланат экен. Ушундай кандай болсун? Долбооорду ишке ашырган фирмалардын белгилүү бир пайызын биз, мынча пайызын силер аласыңар дегендей шарттары бар экен. Элдер мыйзамды бузбай калса кандай болот?..

Кайната менен күйөө баланын ортосундагы сөзгө окшоп, кызым сага беш жылда беш бала төрөп берет дегендей болуп калыптыр” – деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.