Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Социал-демократтар” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков “экинчи жогорку билимин биринчи жасалма диплому менен мыйзамсыз алганын” билдирди.

Бул тууралуу УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиев Боршайкомдун 18-ноябрдагы жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, атайын кызмат 2020-жылдын 5-мартынан бери Момбековго байланыштуу Жазык кодексинин “Документтердин жасалмасы” беренеси менен ишти териштирип жатат.

“Башкы прокуратурага Бакыт Шаршенбиев деген жарандан Жогорку билим тууралуу жасалма дипломду пайдалануу жана мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирүү фактылары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго чара көрүү боюнча арыз түшкөн. Анын арызында депутат жасалма диплом колдонуп жүргөнү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтар жарыяланганы жазылган”, – деди Жаналиев.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 1997-жылы сырттан окуу бөлүмүнө студенттерди кабыл алуу жана 2003-жылы сырттан окуу бөлүмүн “Юриспруденция” адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрүндө Момбеков көрсөтүлгөн эмес.

2003-жылы №196 каттоо номери Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча Михаил Стародубовго берилген. Момбековго аталган окуу жайдын диплому берилген эмес. УКМК Рыскелди Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимди алганын билдирди. Мекеме Момбековдун биринчи жогорку билими жок болгондуктан экинчи жогорку билимди ала алмак эмес деп кошумчалады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.