Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен Руслан Казакбаевдин эмне себептен кеткенин фракциялаштары маалымат каражаттарына билдиришти.

Алардын айтканына таянсак, Казакбаев иштиктүү аракеттерге бара албаганы үчүн фракциялаштардын көңүлүнө толбой калган.  

Аталган фракциянын депутаты Табылды Тиллаев чече турган маселелерди чече албай койгон Казакбаевге убакыт берип, күтүп отура бербестен лидерликтен кетиришкенин белгилеген.  

Бүгүн фракцияга лидер болуп шайланган Жыргалбек Турускулов да Казакбаев депутаттар ишенбей калышканын айткан.  

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткенден кийин анын ордуна фракцияга башчы болгон Руслан Казакбаев беш айга жетпеген убакыт гана лидерликти алып кете алды.  


Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз