Өрт фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, окуя болгон жерде тергөө тобу иштөөдө. 

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

Анда айтылгандай, 13-апрелде, саат 3:30дар чамасында “102ге” Ош базарынын аймагында өрт чыкканы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге биринчилерден болуп Бишкек ШИИБинен Мобилдик батальонунун кызматкерлери барышкан. 

Коопсуздук үчүн кырсык каптаган жер милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Ага жалпысынан 800 милиция кызматкери тартылган. 

 Учурда Ош базарында Бишкек ШИИБинин тергөө тобу жана Ленин райондук ИИБинин кызматкерлери иштөөдө. Аталган ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин эки беренеси: 174 (мүлктөрдү атайылап жок кылуу, же зыян келтирүү) жана 238 (өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Булак: NewTV

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.