Президентинин алдындагы Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецовага Кыргызстандын жараны кайрылып, эки кичинекей баласы менен турмуштун оор кырдаалына кабылганын, балдары менен жашап турганга убактылуу турак-жай менен камсыз кылууну суранган.

Россиянын Балдар Акыйкатчысынын басма сөз кызматы маалымдагандай, аял Россияга боюнда бар кезинде күйөөсү менен чогуу келген, көп өтпөй күйөөсү аялын колунда акча-тыйыны жок, ижарага алган бөлмөгө калтырып, мекенине кетет. Ноябрь айында аял эгиз кыз төрөйт, бир ай боло элек жатып балдардын дене табы көтөрүлүп, алар москвалык клиниканыны бирине жеткирилет. Ошол эле учурда үй ээси аялга ижарага бөлмө берүүдөн баш тартат. Балдар ара төрөлгөндүктөн, учурда Кыргызстанга учуп кетүү коркунучту жараткан. Ал эми башка бөлмө алууга акча каражаты болбогондуктан, балдар омбудсменине жардам сурап кайрылган.

Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кайрымдуулук фонддун бирине кайрылган. Азыр ал жакта жаш эне эки кичинекей кызы менен маселе чечилгенче убактылуу баш паанек кылып жатат. Балдар омбудсмени Анна Кузнецова мындан ары колдоо көрсөтүү боюнча бул үй-бүлө тууралуу маалыматты Кыргызстандын  Акыйкатчысына берди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.