Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алгандыгы тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдоодо. Окуя бүгүн  саат 15:43төр чамасында болгон.

Ал маалыматтарга караганда,  18 жаштагы Ж.Э. аттуу жоокердин башына  табелдик куралдан чыккан ок тийген. Ал  өзүн башка аткандыгы айтылууда. Жоокер алган жараатынан улам “Тез жардам” келгенге чейин жан берген. Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Жоокер сотко кимди коштоп барганы жана кайсы иш боюнча соттук процесс жүрүп жатканы белгисиз.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.