Бүгүн түндө футбол боюнча Италиянын жогорку лигасы аталган А сериясынын чемпиондугу аныкталды.

Скудеттонун 36- турунда Ювентус – Сампдория футболдук клубтарынын беттешинде 2-0 эсебиндеги Ювентустун жеңиши аталган клубдун тогузунчу жыл катары менен Италиянын чемпиондугун шарттады.

Ошентип дүйнөнүн эң мыкты футболчусу Криштиану Роналду жана анын командасынын кубанычында чек жок.

Бул жолку Ювентустун чемпиондугу оңой болгон жок.

Чемпионаттын бүтүшүнө эки оюн калганда мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту багынтканы менен клубдун башкы машыктыруучусу Моурицио Сари бир катар алешемдиктерге жол берип, куйрук улаш келе жатышкан “Аталанта”, “Интер”, “Лацио” футболдук клубдары “Ювентустун” шашкысын кетирип койду.

Анткен менен Криштиану Роналду дагыда футболдук карьерасында жаңы рекордду багындырып, үч өлкөнүн улуттук чемпиону катары менен экинчи ирет аталды. Ал буга чейин “Манчестер юнайтед” клубу менен Англиянын, “Реал” клубу менен Испаниянын чемпиондугун жеңип келген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.