Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров таажылуу вируска шектелип ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги билдирди.

Азырынча бул маалымат расмий органдар тарабынан тастыктала элек.

Маалыматтарга караганда, Кадыровдун өпкөсү сезгенген.

Алгач ал ооруп жатканын билдиргенде суук тийген болушу мүмкүн деп божомолдонгон.

Бирок акыркы күндөрү анын абалы кескин начарлап кеткени айтылууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.