Акыркы күндөрү Райымбек Матраимов боюнча чуу басаңдабай келет. Анын ачык, төгүнүнө чыгуу максатындабы айтор,  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Р. Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө алышкандыгы тууралуу маалымат таратты.

Эске сала кетсек, жакында эле Бажы кызматынын төрагасы Оңолбеков маалымат жыйында Р. Матраимовду сот жактаган чечим чыгарса, аны аткаруу керектигине токтолгон. Ал эми өткөн жылдын аягында президент Жээнбеков  Р. Матраимовдун мүлкүн текшерүү керектигин айткан.

Райымбек Матраимов кызматтан бошотулгандан бери мыйзамсыз алынгандыгы тууралуу соттошуп келет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз