Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Таластагы Чоң-Капка посту аркылуу ири контрабанда өтүп жатканына токтолду.

Депутат Рыскелди Момбеков: “Талас менен Тараздын ортосунда Чоң – Капка посту бар. Бүгүнкү күндө Чоң – Капка посту аркылуу күйүүчү майлар контрабандалык жол менен ээн – эркин ташылууда. Өкмөт эч нерсе кыла албай жатат.  Мен алган маалыматка караганда, март айынан бери 731 миң тонна күйүүчү май өтүптүр.

Булар бензинди – бензанол, диз топливону – печное топливо дешип, өтүп кетишет экен. Кыргызстанда аны экзпертиза кылчу бир да лаборатория жок. 18 миң сом төлөп менчик газпромго барып экспертизадан өткөрсө ал жерден бензин да эмес, бензанол да эмес дешип, чыгарып беришиптир. Анан акциз салыгы алынбай калып жатат. Мунун айынан март айында эле 3 млн. сом акциз салыгы мамлекетке түшкөн эмес.

Андан ары эл өкүлү конрабандага өкмөт өзү жол берип жаткандыгына токтолуп, же болбосо  уурулар өкмөт менен бөлүшүүдө дегенге чейин барды.

“Бир лаборатория сала албаган өкмөт кандай өкмөт болсун. Бензин менен бензанолдун айырмасы арак менен самогонго эле окшош”,-деди эл өкүлү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.