Раим миллион» каймана аты менен белгилүү болгон Матраимов тууралуу президенттин маалымат жыйынында айтылган эле. Президент Соооронбай Жээнбеков анын мүлкүн текшерүү керектигин да айткан.

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын  жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен өкмөттүн соту чубактын кунундай чубалып келет. 20-декабрда Бишкек шаардык сотунда отурум болгон. Анда документтердин түп нускасын жок болгондуктан жылдырылган болчу.

Эми бул иш боюнча сот отуруму 28-декабрда улана турган болду.

Эске салсак, Раим Матраимов ушул жылдын башында Биринчи май райондук сотуна кызматтан алынышы боюнча өкмөттү сотко берген. Биринчи май райондук соту анын арызын канааттандырып, кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Андан соң бул чечимге макул болбогон өкмөт Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.