Опузалап пара алуу фактысы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Шектүү укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы, “болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартам” деп коркутканы айтылууда. Колго түшкөн учурда 200 миң сомдон ашуун акчаны алганы тууралуу далилдер табылган.

Атайын кызмат кармалган адамдын аты-жөнүнүн баш тамгаларын атады. Ал инициалдар район прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаровдун ысымына дал келүүдө.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.