Президент Садыр Жапаров 19-апрелде Баку шаарындагы “Ардак аллеяга” барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров расмий сапары менен Азербайжандын борбору Баку шаарына 19-апрелде барган. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, эки күндүк сапар алкагында Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.