Бүгүн эрте менен Казакстанда президенттик шайлоо эрте менен саат 7:00 де  башталды. Эрте менен менен Нур-Султан шаарында шайлоочулардын 12,8 пайызы добуш беришкендиги маалым болду. Президенттикке талапкер Касым-Жомарт Токаев жана өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин Нур- Султанда өз добуштарын беришти.

Ал эми шайлоо кечки саат 20:00 дө аяктамакчы.

Эске сала кетсек, Казакстандагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө жети адам катышууда.  Токаевди экс-президент Назарбаев жетектеген “Нур Отан” партиясы талпкерлигин көргөзгөн.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.