Кой-Таш окуясынан улам кармалышкан жабырлануучулардын арыз-муңу Акыйкатчы Токон Мамытовго да жетти көрүнөт. Өлкө Акыйкатчысы Токон Мамытов Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушканын маалымдады. Кой-Таш окуясынан улам камакка алынышкан жарандардын тууган- туушкандарынын арыз муңун угуп, Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайда кармалышкандардын ал –акыбалы менен жеринде таанышкан.

Жолугушуу учурунда Акыйкатчы институтунун алдында 7 кишиден турган комиссия түзүлгөн. Комиссия Кой-Таш окуясы боюнча иликтөө жүргүзүшмөкчү.

Токон Мамытов №1 убактылуу кармоочу жайда кармалып турушкан президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, К. уулу А., А. К.  жана башка айыпталуучуларга жолугуп, ал-абалын сураган.  Алар кармалуунун шарты боюнча арызданышкан эмес. Бирок, күнөөсүз экендиктерин, курал кармабагандарын айтышкан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.