Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин келишине даярдык боюнча маалымат берди.

Ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун алдында турган максаттар менен маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков максатка ылайык, белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз