Бүгүн, 14-мартта Президент  Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат  кызматы  билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитацияны  аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарылдыгын белгилешти.

Президент  Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз