Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен  кеңешме өткөрүүдө.

Жыйында мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Түркмөнстандын отун-энергетика жана инвестиция жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу биз үчүн чоң мааниге ээ. Түркмөнстан-Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу маселеси боюнча жигердүү иштөө милдети турат.

Айта кетчү жагдай, кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатабыз. Өкмөт ушул механизмди ишке киргизүүгө тийиш. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Элчилер регионалдык коопсуздукту, мамлекеттер аралык магистралдар боюнча транзитти жана суу-энергетика ресурстарын комплекстүү пайдаланууну камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз иш алып барышы зарыл”,-деди.

Андан ары президент Борбордук Азия мамлекеттери менен болгон кызматташууларга токтолду.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз