Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда, Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Мамлекеттик майрам — Орусия күнүнө байланыштуу чын дилден чыккан каалоолорумду кабыл алып коюңуз. Бүгүн Россия Федерациясы туруктуу социалдык-экономикалык, коомдук саясий өнүгүүнүн жана өлкөнүн дүйнөлүк аренада кадыр-баркынын бекемделишинин үлгүсү болуп саналат. Сиздин кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошкон салымыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздин жеке катышууңуз биздин эки тараптуу мамилелерди сапаттуу толуктоого жаңы дем берип, союздаштык духун жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеди. Мезгилдин сыноолорунан өткөн кыргыз-орус кызматташтыгы мындан ары дагы биздин элдердин бакубат жашоосу үчүн өнүгө берерине ишенем», — деди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Россия элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз