Келечекте  биз атаандаштыкка жөндөмдүү, инновациялык технологияларды кеңири колдонгон, инвестициялар үчүн ыңгайлуу экономиканы түзүшүбүз керек.  Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 17-сентябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын  ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы бизнесмендерди  алдыда келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ден-соолук, ийгиликтерди жана бакубатчылык  каалады.

Сооронбай Жээнбеков:  «Бүгүнкү биздин жолугушуунун эң башкы максаты — өлкө экономикасынын жана ишкерликтин абалы, бышып жетилген курч көйгөлөр жөнүндө ийри олтуруп, түз кеңешүү. Экономиканы мындан ары өнүктүрүү үчүн бизнес чөйрөсү эмнени көздөйт жана аларды колдоо үчүн бийлик бутактарынан эмне талап кылынат? Коом үчүн да, ишкерлер үчүн да манилүү маселе — бул жарандарыбыздын сот системасына болгон ишеними. Бизнес айтып жаткан негизги дооматтардын бири — соттук териштирүүлөрдүн адилетсиз болуп жатканы. Дагы бир көйгөй — инвесторлордун менчик укугу сакталышын жана кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча реалдуу кепилдиктер камсыз кылынбай жатканы. Ишкерлерди мыйзамдардын туруксуздугу, салыктардын жана социалдык төлөмдөр, салыкты администрациялоо, ЕАЭБ рынокторундагы атаандаштыктын адилеттүүлүгү жөнүндөгү маселелер да тынчсыздандырат. Кандай кылганда өлкөдөгү ишкерликтин өнүгүшүнө кедерги болуп жаткан факторлорду жоюп, биргелешип экономикабызды  көтөрөбүз? Мына ушулар жөнүндө сиздер менен ачык сүйлөшүп, жаңы идеяларды, сунуштарды угуп, ишке ашыргыбыз келет. Бизнес-чөйрөсүн туруктуу жакшыртуу үчүн мамлекет, бардык бийлик бутактары чукул арада кандай чараларды көрүшү керек экенин талкуулап, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Сиздердин пикириңиздер, айтылган идеялар жана сунуштар сөзсүз эске алынат жана алар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат” деди.

Ошону менен бирге ишкерлерге тоскоол болуп жаткан жагдайларды жоюу боюнча иш жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Алсак:

— жаӊы түзүлгөн бизнести текшерүүгө 3 жылга мораторий киргизилди;

— салык процедурасын фискализациялоо системасы киргизилүүдө;

— технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду;

— тигүү тармагындагы жеке ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүлдү;

— ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бизнести тейлөө борборлорун түзүүлүүдө;

— кепилдик Фонд түзүлүп, ал быйыл — бир жылдын ичинде эле 535 ишкерге кепилдик берди;

— мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү максатында мыйзамдын жаңы редакциясы парламентке киргизилди.

Айрым ишкерлер текшерүүлөрдөн, тоскоолдуктардан тажагандыктан иштерин жыйыштырып же башка өлкөлөргө көчүрүп кетип жатканы тууралуу   айтылды. Жолугушуу андан  ары катышуучулардын  сөздөрү жана «суроо-жооп» форматында улантылып жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.