Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясына барды. Өлкө башчысынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Эң башкысы — бул жердин босогосун аттаган адам Манас менен Айтматовдун духун сезет деп үмүт кылам. Бул жерде ошол энергетика, улуу руханий бийиктик, рухий намыс сезилип турушу керек.

Академияны, кыргыздын эки руханий өзөгү — Айкөл Манастын рухунун кубаты жана Чыңгыз Айтматовдун акылынын күчү көтөрүп турат.Мындай жерде иштөө, алардын дүйнөсүнө аралашуу — бул чоң сыймык, ары чоң жоопкерчилик”,-деди.

Андан ары өлкө башчысы  кыргыз элинин рухий байлыгына токтолуу менен 21-кылымда „эл башкарам, элге кызмат кылам“ – деген чиновниктерге  Айкөл Манастын сапаттары аба менен суудай керек экендигин баса белгиледи

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.