«Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору», — деп баса белгиледи  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында.

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Акыркы он жылда Кыргызстанга  эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. АКШ долларынан ашык каражат жөнөтүлгөн. Салыштырып кетсем, ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөбүздүн экспортунун көлөмү 18 млрд. АКШ долларын түзгөн.

Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. АКШ долларын түздү. Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан дагы жогору.

Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы жана  башка тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда. Сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди. Алардын балдарынын билим алуусуна, үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка муктаждыктарына жумшалууда”, -деди.

Президент мындан сырткары акыркы убакта мекендештерибиз аймактардын өнүгүүсүнө инвестиция салууда. Кичи мекениндеги социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштагандыктарына токтолду.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз