2017-19-жылдары Тартип комиссиясы 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Анын ичинен 14 судьяга сөгүш, ал эми 170 судьяга эскертүү түрүндөгү тартип жазалары берилген. Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинде мурдагы 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген. Мындай маалыматты Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарада айтты.

Президент Сооронбай жээнбеков: “Адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Ансыз экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эмес.

Бирок, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда. Бирок, реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө. Биз мыйзамды мыкты билген, анын үстөмдүгүн сактаган, акыйкат иш алып барган, көз карандысыздык менен жоопкерчиликти айкалыштыра билген судьялардын корпусун түзүүгө умтулуп жатабыз.

Бул багытта санариптештирүүнү аягына чыгаруу. Мага маалым болгондой, бүгүнкү күндө аудио-видео жазуу жана протоколдоштуруу  жабдуулар менен сот жыйындарынын залдарынын жарымы гана камсыздалган. Протоколдор дагы эле эскиче кагаз жазуу түрүндө түзүлүп жатат. Бул ишти толугу менен белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей бүтүрүү керек.

Компьютердик сабаттуулук — судьялардын милдеттүү кесиптик компетенциясынын бир бөлүгү болууга тийиш.Санариптештирүүнү — сот чечимдерин аткаруу өндүрүшүндө да орнотуу зарыл.  Сот системасынын жетекчилиги — өзүнүн бардык ишмердүүлүгүн электрондук форматка өткөрүү боюнча судьяларга үлгү болушу керек. Биринчи кезекте, Жогорку сот жергиликтүү сотторго үлгү болушу керек. Мен жакында Жогорку сотко өзүм барып, иштин жүрүшү менен таанышам”. -деди.

Ошону менен катар эле өлкө башчысы эч кылчактабай, реформаны аягына чыгаруу керектигине, мамлекет бул иште сотторго ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткандыгына токтолду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.