Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына  ардагерлерге 20 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө максатында Президентинин резервдик фондунан 7 091 000 (жети миллион токсон бир миң) сом бөлүндү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары  2010-жылдын 1-январынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөнүп берилет, анын өлчөмү бир айга 7000 сом. Ошондой эле кошумча социалдык колдоо көрсөтүү үчүн өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы төлөнүп берилет. Стипендиянын өлчөмү ай сайын 10 000 сом өлчөмдө.

Жеңиш күнүнө согуштун ардагерлерине жылына Өкмөт тарабынан 15 000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөнөт. Ушундай эле өлчөмдөгу каража Бишкек мэриясы тарабынан да төлөнүп берилет.

Жеңиш күнүнө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 15000  сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөнөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.