Президент расмий сапар менен Швейцарияга барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Швейцария президенти Ули Маурердын чакыруусу менен 9-11-июлда болот.

Швейцариянын жетекчилигинен сырткары, өлкө башчысы бизнес коомчулук менен да жолугушат. Инвестиция, соода-экономика, банктык сектордогу алака боюнча келишимдерге кол коюлат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз