Эки жыл мурдагы Манас аэропортундагы самолет кулаганда ал жерде каза болушкан жана жабыркаган бир туугандарыбызга карапайым элибиз тикесинен тик турушуп, кайгы капасын тең бөлүшүп, көтөрүп кетишкени эсибизде. Бир жыл мурда Москвада өрттөн каза болушкан кыздарыбызга элибиз канчалык кайгырышып, боор тартышканын да жакшы билебиз. Эки күн мурда катуу шамалдан улам жерге кулап түшүп калган Ала Тоо аянтындагы башкы желекти жерге тийгизбей көтөрүп кетишкен жаштарыбыз, ал жерде таң аткыча үйүнөн желегин алып келип, нөшөрлөгөн жамгырга карабай турган дагы бир азаматыбыз коомчулугубузга жылуу кабыл алынганы белгилүү.

Жаштарыбыздын мамлекетибизге болгон жылуу мамилелерин Президент С. Жээнбеков да жүрөгү менен кабыл алып, “Ушундай адамдар үчүн иштеп, кыйынчылыктарды жеңип өткүң келет. Талыкпаган эмгек менен Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө жетише алабыз”, – деген президенттин сөздөрүн басма сөз катчысы аркылуу билдиргени коомчулукка жарыя болду.

Мындан сырткары кечээ өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп ЖК га алар анттарын беришти. Андан соң президент мырза ант тууралуу жакшы сөздөрдү айтты. Мындай сөздөр буга чейинки президент мырзаларыбыздын оозунан элибиз уккан жок эле.

“Ант – ыйык. Элибиз эзелтен антты ыйык тутуп, анын маӊызына, жоопкерчилигине, улуулугуна өзгөчө маани берип, касиетин жогору баалап келген. Антты ыйык туткан адам – эч качан коррупция жолуна түшпөйт. Адамдын оозунан ант чыкканда, жараткандын кулагы ачылат” дейт. Ал эми антты бузуу бүтүндөй бир элдин, бир улуттун намысына шек келтирген жаман жосун катары кабылданган. Өлкөбүздүн эгемен тарыхында сиздерге чейин да өкмөт мүчөлөрү ант беришкен. Берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Антыңарга бекем болгула!” – деди.

Негизгиси башык ажо тарабынан элдин ичиндеги, улутубуздун касиетинин карманып келе жаткан терең маанилүү сөздөрүнүн айтылып баштагандыгы дурус көрүнүш.

Назаркул Жоошбаев

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.