Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда иш сапары менен Орусиянын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, иш сапардын алкагында Жапаров Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылып жатат.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылууга, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушуунун жүрүшүндө таажылуу вирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргызстанга Россия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.