Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ишке киришкенден баштап эле коомчулуктун баардык өкүлдөрү менен өгөй- өз дебей жолугушууларды өткөрүп келе жатканы маалым. Угуп койгондун зыяны болбосо керек. Бул да болсо мамлекет башчысынын жакшы сапаттарынын бири экендигин белгилеп коюшубуз зарыл.

Мындай дегенибиз, 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрөрү белгилүү болду. Чындыгында акыркы бир жыл аралыгында коомчулукта, саясатта  ири окуялар болуп өттү. Атамбаевдин камалышын айтпаганда, саясатчы Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келиши,  ири алтын кендеринде болуп жаткан көрүнүштөр көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Айрым учурларда бийлик тараптан кетирилген кемчиликтер да жок эмес. Иши кылып ийри отуруп, түз кеңешип алчу маселелер арбын. Бул жагынан Убактылуу өкмөт мүчөлөрү туура сөзүн айтса болду дечи.

Негизи кандай айткан күндө да саясаттын ташын талкандай чаккандар жеке кызыкчылыктарынан четтеп, орундуу ойлорун, идеяларын, сунуштарын, калыс сөздөрүн айтышса дурус эле болчудай.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү , Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дуйшебаев, Азимбек Бекназаров, Эмильбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Дуйшенкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков. Булардын баары жолугушууга барышмакчы.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз