Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, анда саясаттан оолактап, ишке өтүү зарылдыгын белгиледи. “Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Күндөн-күнгө таажылуу вирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды. Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок”, – деди президент. Мындан тышкары, өлкө башчы Кыргызстан укуктук өлкө экенин айтып, маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилиши керектигин кошумчалады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.