Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар боюнча кайрылуу жасады. Жапаров 28-30-апрелдеги окуяга “Кыргызстандын эли үчүн тарыхый оор сыноонун да, кайгынын да күндөрү болду” деп баа берген. Ал “Кыргызстандын чек ара жана күч органдарынын күжүрмөн даярдыгы, моралдык жактан бийик маанайы жана каармандыгынын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү сакталып калганын” белгиледи.

Өлкө башчы кырдаалды жөнгө салуунун дипломатиялык жолу гана тандалганын, тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки жолу сүйлөшкөнүн билдирди. Садыр Жапаров ушул күндөрү курал-жарак талап кылып, Баткенге барууга ашыккан жаштарды түшүнүүгө болорун, бирок аларга курал бербей, башкалардын катасын кайталабаганын кошумчалады. Жапаров чатак ырбаса мындан да чоң жоготуулар болмоктугун эскертти. Ал жаңжал учурунда үй-жайын таштап качкандарды үйлөрүнө кайтууга чакырды.

Ал эми талкаланган, өрттөлгөн үйлөр калыбына келтирилерин убада кылды. Жапаров бул иште жардамын аябаган эл аралык коомчулукка ыраазычылык билдирип, мындан ары жаңжалды алдын алуу үчүн эки тараптын кадырлуу адамдарынан турган тынчтык сактоо комиссиясын түзүүнү сунуштаганын кошумчалады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.