Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады, – деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Кымбатуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды Орозо Айт майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Эгемендүү өлкөбүздөгү жалпы мусулмандар бир ай бою орозо кармады, Жаратканга жалбарып, жалпы журтубузга жакшылык каалады.

Ыйык Орозо айында дилибизди тазаладык, жан дүйнөбүздү жаӊырттык.

Элибизге бекем ыйман, адал эмгек менен жашоону, улуттар арасындагы сый-урматты, биримдикти тиледик.

Коом ичинде мээримдүүлүк жана сабырдуулук, достук жана бир туугандык сезимдер чыңдалды, кайрымдуулук иштери жасалды.

Жараткан Кудайым Өзү кармаган орозобузду кабыл кылсын!

Аруу тилектерибиз ишке ашсын, көздөгөн максаттарыбызга жетели!

Быйылкы Орозо күндөрүн азыркы мезгилдеги дүйнөлүк апааттан — таажылуу вирус илдетинен сактануу шарттарында өткөрдүк.

Элибиздин ден-соолугун, өмүрүн сактоо үчүн илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартипти кармадык.

Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген, мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем.

Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, бул татаал сыноодон татыктуу чыгабыз.

Бул күрөштө негизги таянычыбыз — биримдик жана тартип.

Ар бир мекендешиме бекем ден соолук, бак-таалай, ийгилик каалайм.

Орозо күндөрү ниет кылган аруу тилектерибиз кабыл болсун!

Жараткан Кудайым Өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.