Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, тийиштүү чечим кабыл алынганын мамлекет башчынын расмий сайты жазды.

“Кыргызстан укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу болуп эсептелет”,- дейт Жээнбеков.

Ошондой эле өлкө башчы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз