Президент Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Өлкө башчынын куттуктоосунда 2019-жылы чек арада курман болгон прапорщик Равшан Муминовду эстеп, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кандуу окуяда капитан Нурсултан Манасбек уулунун, капитан Эсентур Кубанычовдун, прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин каармандыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталары айтылат.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн кайгылуу окуянын сабактары талдоого алынып, улуттук чектерди ишенимдүү кайтарууну жогорулатууга, чек арага жакын райондордо жашаган тургундардын тынч жашоосун коргоого жана эки мамлекеттин, элдердин ортосундагы коңшулук жана достук мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган так чечимдер кабыл алынып жатат. Биздин ата-бабаларыбыздын кылымдар бою калыптанган өз ара ишенимин калыбына келтирүү өтө маанилүү жана мындан ары ушуга окшогон чек ара чыр-чатактарынын кайталанышына жол бербөө керек», – деп айтылат куттуктоодо.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.