Өлкө башчы Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, өлкө башчысы жакынкы аралыкта алдын ала пландалган иш-чарага катышат.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алып, убактылуу карантиндик режимге өттү. Өлкөдөгү бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма мамлекет башчысынын көзөмөлүндө болорун президенттин маалымат катчысы билдирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.