Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз