Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө»  Өкмөттүн токтомуна кол коюп, бул маселени ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн чечими аркылуу жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30% көбөйөт.

Мындан тышкары кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» жана «2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна кол койду. Аларга ылайык, 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү каралууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.