Учурда Жогорку Кеңеште Өкмөт өткөн жылдагы мамлекеттик казынанын аткарылышы боюнча маалыматтын берип жатат. Анда премьер- министр М. Абылгазиев доклад жасады.

М. Абылгазиев: “Өкмөттүн сатып алуу боюнча саясатына токтолсом. Сатып алынган товарлардын 80 пайызы сырттан импорт катары алынып келинген. Трансформатор Казакстан жана башка коңшу мамлекеттерден алынган.  Кабел чыгарган заводу талкаладык. Кабель да сырттан алынып келген. Жок дегенде бала бакчалардагы тамак аш азыктары, сүт да сырткы өлкөлөрдөн сатып алынган.

Сатып алууларга жылына мамлекетибиздин казынасынан 72 млрд . сом жумшалган. Биз эми ошол каражаттын жарымын 36 млрд. сомду ички товарларды сатып алганга  инвестиция кылсак деген тилегибиз бар.

2019 – жылдан баштап,  өкмөт экономикага  эң чоң инвестор болушу керек. Келерки жылдын бюджети өнүгүүгө багыт берчү бюджет болот”-деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.