Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев  Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Мониторинг борборунун ишинин бардык баскычтары менен таанышты, жарандарды кабыл алуу бөлүмүн көрүп чыкты, мында жарандар менен иштөө уюштурулат жана «100» кыска номери боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилет. Тийиштүү маалымдама маалыматтар  Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын «Коопсуз шаар» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Тутумдун долбоорду ишке киргизүүгө даярдыгы менен таанышкан соң, Премьер-министр долбоорду баскычтуу ишке киргизүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айыппулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек. Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү жана ири долбоор, ал жолдордо коопсуздукту камсыздоодо бурулуш боло алат. Алдыдагы долбоорду ишке киргизүү – биздин узак жана көп күчтү талап кылган эмгегибиздин натыйжасы, биз анын бардык баскычтарынын ийгиликтүү ишке ашырылуусуна жетишүүгө тийишпиз»-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз