Польшанын Мщонув шаарында дүйнөдөгү эң терең бассейн ачылат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

45 метр тереңдиктеги бассейн 8 миң куб метр суу куюлат. Бул деген кадимки 25 метрлик бассейнден 27 эсе көп. Анда ошондой эле көз сала турган тоннелдери да болот. Комплексте ошондой эле бассейн көрүнүп турган конференц-залы жана мейманканасы жайгашат.

Бассейндин ачылышы үстүбүздөгү жылдын октябрь айына пландалган.

Азырынча дүйнөдөгү эң терең бассейн статусуна Италиянын Монтегротто-Терме шаарындагы Y-40 The Deep Joy бассейни ээ. Анын тереңдиги 42 метрди түзөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз