Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров пенсиялык тармакты реформалоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 11-декабрда өткөн жыйында Жапаров кийинки жылдын январь айынан баштап пенсиялык системаны адилеттүү жана натыйжалуу кылуу үчүн реформа баштоо пландалып жатканын билдирди.

Талкууда Социалдык фонд “Келечек булагы” деп аталган стратегия сунуштады. Анда жарандардын акчасын алып, пенсиясы аз чыгып жаткан системадан арылуу чаралары каралганы айтылды. Бирок реформанын так чаралары азырынча белгисиз.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.