Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов 1- октябрдан тартып пенсия көтөрүлөрүн кабарлады.
Пенсиянын базалык бөлүмүнө 100 сом кошулат.
Ошондо 4286 сомго жетпеген пенсия алгандарга 300 сомдой, ал эми андан көбүрөөк алгандарга 360 сомдун тегерегинде акча кошулат экен.
Ошентип Кыргызстанда орточо пенсиянын көлөмү 6061 сомду түзмөкчү.
Өлкөбүздөгү 689 миң пенсионердин пенсиясына орточо 397 сом кошуу үчүн 827 миллион сом кошумча каражат жумшалмакчы.
Арийне пенсия көбөйөрү менен эң керектелүүчү азык түлүктүн баалары да дароо көтөрүлүп баштайт.
А дегенде эле ундун баасы өсөт.
Анан кайра эле баалардын көтөрүлүшү кошулган акчаны жеп алат.
Тилекке каршы дайым ушундай көрүнүш.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.