Кечээ, 9-сентябрь жекшемби күнү кечинде Парижде 7 адам бычактан жаракат алды. Аларга белгисиз жаран Луар аттуу суу жээгинде кол салган. Учурда жабырлануучулар ооруканада оор абалда жатат.Бул тууралуу Leparisien басылмасы кабарлады.

“ Алгач кылмышкер МК2 кинотеатрында чуу чыгарып баштап андан үч адам жараат алган. Сыртта жээкте топ ойноп жүргөндөр адамдарды куткармакчы болду,бирок эки англичанин турист менен бир адам башынан оор жабырланган. Жалпысынан жети адам ар кандай жабырланган”- деп  жазылат басылмада.

Окуядан соң кылмышкер кармалып,жаракат алган.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз