Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн  8-январь күнү  саат 12:37де Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Чүй облусунун Панфилов районунун Өтмөк айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз