Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2-сентябрда тараткан маалыматка караганда, айрым өлкөлөрдүн жарандарына туристтик виза берүү тартиби өзгөрдү. Анда Пакистан, Индия жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарынын өлкөгө келүү жараянын ирээттештирүү жана уюштуруу максатында, коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин эске алуу менен бирге айрым өлкөлөрдүн жарандарынын өлкөгө киришин жана өлкөдө жүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн натыйжалуу алгоритми иштелип жатканы айтылган.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнө чакырган тарап жооптуу болору каралган.

Мындан тышкары, “Электрондук виза” порталында Кыргызстандын визасын алуу үчүн арыз тапшыруу иш-чаралары өзгөртүлөт. Буга байланыштуу аталган порталда арыз ээси туристтик виза алуу үчүн өз алдынча кайрылуусу убактылуу токтотулду. Ал ишкердик виза сыяктуу эле чакыруунун негизинде берилет.

ТИМ киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу кошумча маалымат бериле турганын кабарлады. Расмий кабарга ылайык, быйыл июль, август айында Кыргызстан пакистандык жарандарга 7 500 туристтик виза берген. Пакистандан бул өлкөлөргө түз каттам болбогондуктан, Кыргызстан аркылуу транзиттик жол менен учат. Пакистандыктар Кыргызстанда визасыз 30 күн жүрө алышат. Учурда бул өлкөдөн келген 7 миңге чукул студент билим алат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.