Кечээ түндө президенттик жарышта жеңген Садыр Жапаров өлкө экономикасы бардык жагынан сазга батып калгандыгын белгилеп, бул отуз жылдан берки кризистин кесепети экендигин айтты.
“Анткен менен биз бул кризистен үч төрт жылда чыгабыз. Биз экономисттер менен пландарыбыз бар” деп айтты шайланган президент.
Ошондой эле айрым саясатчылар айтып жаткандай саясий кугунтуктардын болбосун белгилеп, бирок мыйщам бузгандар, эл ырыскысына кол салгандар катуу жазасыз калбастарын эскертти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.