Ош шаарында телефон саткан дүкөндү тоногон деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматта кармалгандар 8-январь күнү дүкөндөн жалпы суммасы 500 миң сомдук чөнтөк телефонду карактап кеткени айтылат. «Аларга тинтүү жүргүзгөндө дүкөнгө тиешелүү телефондор, андан сырткары бүктөмө бычак, ПМ үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн тапанча табылды», – деди Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси – «Каракчылык» менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.